Жыл башынан бери Кыргызстанда QR-код аркылуу 488 млн сомдук төлөмдөр жүргүзүлдү

Жыл башынан бери Кыргызстанда QR-код аркылуу 488 млн сомдук төлөмдөр жүргүзүлдү

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча QR-коддорун колдонуу менен система аркылуу дээрлик 488 млн сомдук 307.5 ​​миң төлөм жүргүзүлгөн. Мындай маалыматтар Улуттук банктын тиешелүү мезгилдеги КРнын төлөм системасынын абалы жөнүндө отчетунда айтылат.

Анын ичинен мамлекеттик кызматтарда 21.5 млн сом суммасында 13.3 миң төлөм аткарылган. Өлкөдө системалар аралык интеграциянын алкагында 2023-жылдын 1-июлуна карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында 12 874 QR-код орнотулду.

Өлкөдө QR-коддору боюнча төлөмдөрдүн көбү Бишкек шаарында жүргүзүлөт – 47%. Башка аймактардагы үлүш төмөнкүдөй:

  • Ош облусу — 13%;
  • Чүй облусу — 12%;
  • Жалал-Абад облусу — 10%;
  • Ысык-Көл облусу — 7%;
  • Баткен облусу — 5%;
  • Нарын облусу — 3%;
  • Талас облусу — 3%.

Мындан тышкары окуңуз

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда. Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкек шаарында 7-класстын окуучусу, 14 жаштагы Давид Пузиков өзүнүн  Kyrgyz-C деп аталган Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын "kaktusmedia" жазды. Автордун айтымында, бул долбоор англис тилин жетиштүү деңгээлде билбеген окуучулар үчүн программалоону үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Kyrgyz-C — бул Си тилинин негизги ачкыч сөздөрүн кыргызчага которуу менен, тилдин логикасын сактап