Өкмөт агроөнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелерин талкуулады

Өкмөт агроөнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелерин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба жана агроөнөр жай комплексиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Ассоциациянын өкүлдөрү айыл чарба тармагындагы бизнестин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу айтып, өзгөчө жумушчу күчү жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешти.

Мындан тышкары, Ассоциация өкүлдөрү сугат суунун жетишсиздиги, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө салык салуу, экспортту өнүктүрүү, республиканын аймактарында өнөр жай аймактарын түзүү зарылдыгына басым жасашты.

Айтылган көйгөйлөрдү жана маселелерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча бир катар тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Тактап айтканда, кадр маселеси боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен биргеликте агроөнөр жай тармагына адистешкен кадрларды даярдоонун “дуалдык окутуу программасын” иштеп чыгуу жана эмгекке жарамдуу калкты бул тармакта иштөөгө тартуу учун ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Салык салуу чөйрөсүндөгү маселелер боюнча Экономика жана коммерция министрлигине Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте дыйкан (фермер) чарбалары үчүн салык тутумун, анын ичинде ата мекендик айыл чарба продукциясына сатуудан алынуучу салыкты, каттоо жол-жоболорун оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media