Өкмөт Куттуу-Сай 2 калдык сактоочу жайларынын абалын көрсөттү

Өкмөт Куттуу-Сай 2 калдык сактоочу жайларынын абалын көрсөттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облустагы уулуу калдыктар сакталган бир катар жайлардын жана карьерлердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Алгач МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Куттуу-Сай 2 сейрек кездешүүчү жер элементтер кенине барды. Мында руданын кору 51.5 миң тонна, ошондой эле кошумча чалгындоо иштеринен кийин кошумча 75 миң тоннага чейин болоору айтылды. Эксперттердин белгилөөсүндө, мындагы рудада молибден, висмут, коргошун, бериллий, күмүш жана башкалар бар.

Белгилей кетсек, буга чейин сейрек кездешүүчү жер концентраты “Кыргыз химия-металлургиялык заводу” (КХМЗ) ААКсында иштетилип келген. Акылбек Жапаров мына ошол заводдун абалы менен дагы таанышуу үчүн барды.

Комбинат убагында жылына 500 млн тонна продукцияны өндүрүүгө кубаттуулугу жеткен. Ишкана Куттуу-Сай 2 сейрек кездешүүчү жер элементтер кенинен комплекстүү кайра иштетүүнү ишке ашырып, Советтер Союзунун керектөөлөрүнүн 80% камсыз кылып келгени белгиленди.

Мына ошол КХМЗнын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Кемин районунда 5 калдык сактоочу жай түзүлгөн. Төрт калдык сактоочу жай Ак-Түз айылында болсо, калган бирөө Орловка айылында. Калдык сакталган жайларга дагы МинКаб Төрагасы барып, жайлардын абалы менен таанышты.

Акылбек Жапаров мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана эксперттер менен биргеликте объектерди жеринде көрүп чыккандан кийин бир катар тиешелүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышы көзөмөлдө болоорун кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media