Кытайдын Кызыл-Суу шаары Ош менен инвестициялык кызматтташууга кызыкдар

Кытайдын Кызыл-Суу шаары Ош менен инвестициялык кызматтташууга кызыкдар

Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү кытайлык Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунунун жетекчилиги жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча сүйлөшүлүп, Кытай ишкерлери тарабынан сунушталган Ош шаарынын аймагында айыл чарба техникасын чыгаруучу заводду куруу маселеси талкууланды.

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Ош шаары тууралуу кыскача маалымат берип, Кытай Эл Республикасынын бир катар шаарлары менен боордош мамиле түзүлгөнүн белгилеп, өз ара байланыштарды бекемдөө максатында Ош мэриясы тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Жоң Зиоу мырза Ош шаары тууралуу жакшы ой-пикирлерин айтып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдирип, шаар бийлигинин өкүлдөрүн Кызыл-Суу шаарына чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан почта аркылуу келе жаткан балык уулоочу торлор табылды

Кытайдан почта аркылуу келе жаткан балык уулоочу торлор табылды

«Түндүк» темир жол бажысынын «Темир жол Бекети» бажылык тариздөө аймагында Кытай Эл Республикасынан келген почта аркылуу жөнөтмөлөрдү текшерүү учурунда КРна ташып кирүүгө тыюу салынган, балык уулоочу торлорду табышкан. Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери жалпы салмагы 11,80 кг түзгөн синтетикалык торду аныкташты. Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиргендей, «Р.

Абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар тартылат

Абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар тартылат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риддл жана банктың Европада жана Борбордук Азиядагы айлана-чөйрө маселелери боюнча адистери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда Дүйнөлүк банк өкүлдөрү Кыргызстанда экология тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктарын жогору баалап,

"Автомаш Радиатор" компаниясы Кыргызстанга 8800 техника алып келген

"Автомаш Радиатор" компаниясы Кыргызстанга 8800 техника алып келген

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкан-фермерлерге жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникасын алуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу максатында “Автомаш Радиотар” компаниясына пресс-тур уюштурду.   “Автомаш Радиатор” ЖЧКсы КМШ өлкөлөрүндө жана Борбор Азияда толук цикл менен радиаторлорду жана жылуулук алмаштыргычтарды иштеп чыгуучу жана өндүрүүчү алдыңкы ишканалардын

Транспорт министри JICAнын вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Транспорт министри JICAнын вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен JICAнын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Министр Абсаттар Сыргабаев JICAнын колдоосу менен өлкөдө жол жана транспорт инфраструктурасын