Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгы болбойт – Антимонополия

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгы болбойт – Антимонополия

Казакстан аркылуу күйүүчү-майлоочу майлардын транзити боюнча көйгөйлөр иш жүзүндө чечилди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевге шилтеме менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

"Казакстан өз аймагы аркылуу жүк ташууга эч кандай мыйзамдык тыюу салган эмес. Темир жолдо ашыкча жүк болгонуна байланыштуу кыйынчылыктар жаралууда. Учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жана «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын директорунун орун басары жеринде иштеп жатат. Казак тарап күйүүчү-майлоочу майлардын транзиттик өтүүсүн координациялай баштады" - деди Малаев.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген