Кыргызстан менен Өзбекстан соода мамилелерин бекемдейт – Экономика министрлиги

Кыргызстан менен Өзбекстан соода мамилелерин бекемдейт – Экономика министрлиги

2023-жылдын 11-октябрында, Ташкентте КРнын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү жана Өзбекстандын Соода – өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды талкуулоого жана бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Жолугушуунун башкы максаты КР менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара сооданы кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу келечегин талкуулоо болду. Тараптар өз ара ишенимге жана кызматташтыкка негизделген достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди активдүү өнүктүрүүгө даярдыгын баса белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чечкиндүүлүгүн ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстандын аймагында Кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн тамак-аш көргөзмөсүн уюштурууну жана өткөрүүнү алдын ала талкуулашты.

Тараптар жергиликтүү тамак-аш азыктарын жана суусундуктарды сунуштоо жана жайылтуу үчүн жагымдуу платформа түзүүгө жалпы кызыгуусун жана чечкиндүүлүгүн билдиришти. Бул көргөзмө ишканаларга жана компанияларга өз продукцияларын көрсөтүүгө, жаңы бизнес байланыштарын түзүүгө жана таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Соода өкүлчүлүгү Соода-өнөр жай палатасына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууну улантууга үмүттөнөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media