Садыр Жапаров Metarise Japan компаниясы менен жолукту

Садыр Жапаров Metarise Japan компаниясы менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Metarise Japan компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт болгон электр энергиясын иштеп чыгаруучу гравитациялык генераторду көрсөтүлүп, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилегендей, «Metarise Japan» Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырып жатат. Компания Японияда көрсөтүлгөн жабдууларды чыгарууга эксклюзивдүү патент алган жана Кыргыз Республикасындагы электр энергиясынын альтернативдүү булактары боюнча маселелерди чечүүгө салым кошууга ниеттенүүдө.

Мамлекет башчысы берилген маалыматтар менен таанышып чыгып, Кыргызстан япон инвесторлору жана жаңы технологиялар үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

Президент мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи, анткени ал экономиканын өзөгү жана негизги тармактардын бири. Өлкөдө жагымдуу абал түзүү жана инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Кытай ишкердик кызматташтыкты кеңейтет

Global Finance басылмасынын версиясы боюнча DemirBank 2026-жылы "Кыргызстандын мыкты банкы" деп таанылды

Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казган эки жаранга айып пул салынды

Мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиктери жогору 284 компания менен ишкердигин токтотту

Улуттук банк банктар жана төлөм уюмдары үчүн жаңы талаптарды сунуштады