Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо аяктады

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо аяктады

Айыл чарба министрлиги жана министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 2023-жылдын ноябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо, вегетациялык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолоруна кам көрүү, ошондой эле 2023-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндеринин күздүк себүү боюнча иштер улантылды. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Бүгүнкү күндө республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери аяктады. Мында жалпы айдоо аянтынан 232 миң га же 100% буудай жыйналды. Арпа 239.2 миң га же 100% жыйналды.

Буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча эң жакшы натыйжаларга Жалал-Абад облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрү ээ болушту, алар орто эсеп менен 25.8 ц/га дан жыйнашты. Арпа боюнча Нарын облусунун талаалыктары алдыда, алар орточо алганда 21.4 ц/га түшүм алган.

Жалпысынан республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы 867.4 миң тоннаны түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 297.4 миң тоннага аз, анын ичинде буудай 464.2 миң тонна, бул 161 миң тоннага аз, арпа – 403.2 миң тонна, бул өткөн жылдын деңгээлинен 136.4 миң тоннага аз.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча картошка 72.5 миң га аянттан жыйналды, же оруп-жыюу аянтына карата 100%, бул өткөн жылдын деңгээлинен 1.7 миң га аз. Бул учурда сатыкка чыгарыла турган картошканын орточо түшүмдүүлүктү 175.1 ц/га түзгөн, бул өткөн жылга караганда 3.8 ц/га көп. Ошол эле учурда 1272,8 миң тонна картошка жыйналды, бул дагы өткөн жылдын деңгээлинен 2.1 миң тоннага аз.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media