Импорттолуучу айыл чарба продукциясынын бир нече түрү кошумча нарк салыгынан бошотулду
Министрлер кабинети айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн импорттоо үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотуу мөөнөтүн 2024-жылдын аягына чейин узартты. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтында жарыяланды.
Төмөнкү товарлардын салык салынуучу беримдерине жана салык салынуучу импортуна 0% кошумча нарк салыгынын ставкасы колдонулат:
- инкубациялоо үчүн үй тоокторунун уруктандырылган жумурткалары;
- дан эгиндеринин саманы жана топону;
- арпа;
- сулу;
- кубулма форель балыгынын тоюту;
- улпак, чар, кебек жана башка калдыктар;
- крахмалды өндүрүүдөн чыккан калдыктар, кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому, кантты өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудан же винону ачытуудан башка калдыктар;
- соя майын чыгаруудан алынган, жанчылбаган же жанчылган күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар;
- өсүмдүк майларын же соя жана арахис калдыктарынан башка майларды чыгаруудан алынуучу, майдаланбаган же майдаланган күнжара жана башка катуу калдыктар;
- өсүмдүктөрдөн алынган азыктар жана өсүмдүктөрдүн калдыктары жана калдык азыктар;
- айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу азыктар;
- ири мүйүздүү мал.