Айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусу берилет

Айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусу берилет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестицияларды долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын отурумун өткөрдү.

Жыйында айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү зарылдыгы каралды. Талкуунун жыйынтыгында, комиссиянын мүчөлөрү“Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу” долбооруна, “Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу” долбооруна жана “Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу” долбооруна “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү чечимин кабыл алды.

Ага ылайык, жогорудагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар компаниялар кошумча нарк салыгынан, сатуу салыгынан, киреше салыгынан белгилүү мөөнөткө бошотулат жана мындан сырткары бир катар жеңилдиктер берилет. Мындай кадам менен долбоорлорду кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Төрөбаев, айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү аркылуу инвестиция тартууну жогорулатууга болоорун белгиледи. Ошондой эле, республиканын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, жумуш орундарынын түзүлүүсүнө, аймактарда өнөр жай жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берээрин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар суу үчүн 1,2 млн сомдон ашык төлөм төлөштү

Нарында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар суу үчүн 1,2 млн сомдон ашык төлөм төлөштү

Нарын облусунун Жумгал районундагы "Миң-Куш" тилкесинде кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар 2026-жылы суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн 1 млн 225 миң 331 сом төлөштү. Айыл чарба министрлигинен кабарлагандай, төлөмдөр суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө жана техникалык долбоордо белгиленген көлөмгө ылайык жүргүзүлдү. Ошондой эле Ат-Башы районундагы Чой-Жап өрөөнүндө

Ишкер Media
Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилген 0,54 гектар жайыт жери мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер тилкесинин жалпы баасы 70 млн 540 миң 200 сомду түзөт. Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1998-жылы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан аталган жайыт жерлери "К.

Ишкер Media
Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районундагы Төө-Жайлоосунда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү пландалууда. Бул тууралуу Райондук администрациядан кабарлашты. Бул максатта Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жеңишбек Асылбек туристтик потенциалы жогору болгон аймактарды жеринен көрүп чыкты. Алардын катарында "Алтын-Бешик" балдар лагери жайгашкан аймак да бар.

Ишкер Media
Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 2021-2026-жылдары 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, беш жаңы объект курулган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды. Маалыматка ылайык, коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн Yutong үлгүсүндөгү 30 заманбап электробус сатып алынган. Шаарда ишке ашырылган ири долбоорлордун катарында "Баластан" балдар

Ишкер Media