Акылбек Жапаров: Салыктар – бул «жакшылык айлампасы»

Акылбек Жапаров: Салыктар – бул «жакшылык айлампасы»

2023-жылдын консолидацияланган бюджетин салыктын жаңы түрлөрүн киргизбестен жана көбөйтпөйпөстөн, 575 млрд сомго жетти. Салыктар – бул жакшылык айлампасы, бул жаран өнүккөн өлкөдө жана цивилизациялуу коомдо жашоо үчүн төлөй турган баа. Бул тууралуу улуттук салык форумунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле республиканын негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, өлкөнүн ИДПсы тарыхый чектен ашып, 1 трлн 228 млрд 900 млн сомго жеткенин белгиледи.  

«Ишкерлердин экономикалык патриотизминин аркасында улуттук экономика учурдун чакырыктарына туруштук бере алат. Инвестициялардын ар бир “тамчысы” келечек муун үчүн маанилүү, бирок ар бир ишкер өз бизнесин ак ниеттүүлүк менен курушу керек, биз сиздерди ушуга чакырабыз! Биз экономиканы «агартуубуз» керек. Биз жасалма интеллектти колдоно баштадык, салыктык башкарууну модернизациялоо, автоматташтыруу жана жакшыртуу боюнча системалуу иштер жүрүп жатат.
«SMART САЛЫМ» долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу концепциясына ылайык салык процедураларын фискалдаштыруу жана тейлөөнүн жаңы принциптери ишке ашырылууда. «Бир салык, бир фискалдык орган, бир эсеп» принциби боюнча салык механизмдерин жана жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык мыйзамдарын жөнөкөйлөтүү зарыл. Санариптик механизмдер ишкерлерден чогултулган ар бир сомду көрсөтүшү керек. Негизги милдеттердин бири – биз товарлардын өлкө ичинде да, анын чегинен тышкары да өтүшүн көрүшүбүз керек», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media