«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык төлөмдөрү да көбөйдү. Ошентип, кенди иштетүү башталган 2015-жылдан бери компания Кыргызстандын бюджетине 22.5 млрд сомдон ашык каражат которгон. Ошол эле учурда 2024-жылдын башынан бери гана салык төлөмдөрүнүн көлөмү 7.48 млрд сомду түздү. 

«Компания кендин экологиялык коопсуздугун камсыздап, айлана-чөйрөнүн абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, аймактагы жапайы жаныбарлардын популяциясын калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду колдойт. «Альянс Алтын» республиканын бюджетине экологиялык төлөмдөрдү төлөйт», - деп баса белгиледи басма сөз кызматы.

Долбоор башталгандан 2024-жылдын октябрына чейин мелиорация фондуна дээрлик 61 млн сом жана Жерүй ТЗРКсынын муктаждыктары үчүн жер үстүндөгү сууларды пайдаланууга 115 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ушул жылдын октябрь айында ишкана бул максаттарга 1 млн 826 миң сом жана 4 миллион 905 миң сом которгон.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media