«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» номинациясында AmCham Awards 2024 сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 12-декабрында Америкалык Соода Палатасынын AmCham GALA 2024 жылдык иш-чарасынын алкагында өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

«Альянс Алтын» компаниясы үчүн кызматкерлер ар дайым негизги баалуулук болуп келген. Алардын бакубаттуулугуна дайыма көңүл буруу, окууга, кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана адилеттүү иштөөгө шарт түзүү анын ийгилигинин өзөгүн түзөт. Бул сыйлыкты алуу бир гана аткарылган иштерди баалоо эмес, ички процесстерди мындан ары жакшыртууга стимул болуп саналат.

«Биз бул сыйлык менен сыймыктанабыз жана биздин ишибизди жогору баалаганы үчүн Американын Соода палатасына ыраазычылык билдиребиз. Күчтүү командасыз компаниянын ийгилиги мүмкүн эмес, жана биздин биринчи орунда дайыма кызматкерлерибиздин жыргалчылыгы жана алардын канааттануусу саналат. Бул сыйлык бизди алдыга жылууга, корпоративдик маданиятыбызды өнүктүрүүгө жана кызматкерлерибизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоого түрткү берет», - деп белгилешти «Альянс Алтын» өкүлдөрү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media