Таласта таш иштетүүчү завод модернизацияланат - «Альянс Алтын» ишканасы 20 миллион сом бөлдү

Таласта таш иштетүүчү завод модернизацияланат - «Альянс Алтын» ишканасы 20 миллион сом бөлдү

Талас облусунун Манас районундагы ташты кайра иштетүүчү завод модернизацияланат. 20 млн сом өлчөмүндө каржылоо «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан ушул эле аталыштагы өнүктүрүү фонду аркылуу берилген. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Компаниядан белгилешкендей, каражат кичи жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында кайтарымдуулук негизде бөлүнгөн. Завод өндүрүштүк жабдууларды сатып алып, цехти оңдоп, гранит блокторун иштетүү көлөмүн көбөйтөт. Өндүрүш Манас районунун Чоң-Капка айылында жайгашкан, чийки зат Арал айылындагы жергиликтүү карьерден алынат.

"Бүгүнкү күндө ишкана 15тен ашык адамды иш менен камсыз кылууда. Жаңыланган жабдууларды ишке киргизүү менен жумуштуулуктун көбөйүшү жана өндүрүштүк кубаттуулуктун кеңейиши күтүлүүдө. Бул аймак үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өндүрүш инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта.

«Альянс Алтын» мындан ары да Талас облусунун туруктуу өнүгүшүнө салым кошкон демилгелерди колдоо ниетин билдирет. Приоритеттерге жергиликтүү экономиканы чыңдоо жана айыл жеринде жашоонун сапатын жогорулатуу кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген. Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктен билдиришти. Анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик