Кеминде бир гектардан 80 тоннага чейин кант кызылчасы алынып жатат

Кемин районунда дыйкандар гектарынан 80 тоннага чейин кант кызылчасын алып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Министрликтин билдиришинче, аталган райондо быйыл жалпы 884 гектар аянтка кант кызылчасы айдалган.
Аймактагы дыйкандардын бири 4 гектар аянтка кызылча айдап, 4 жолу сугаргандан кийин гектарынан 80 тоннадан түшүм алып жатканын айтат.
Аймакта ушул тапта Айыл чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "3+2+1" долбоорунун алкагында талаа иштерине мониторинг жүргүзүлүп жатат.