Кыргызстан менен Германия экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Германия экономикалык долбоорлорду талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу, кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин герман тарабындагы тең төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммел менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле 2025-жылдын ноябрында Берлинде өтө турган бизнес-форумга жана Ишкердик кеңештин жыйынына даярдыкты талкуулашты.

Адылбек Касымалиев эки тараптуу экономикалык байланыштардын оң өнүгүшүн белгилеп, Ардактуу консулдар институтунун инвестиция тартуу жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүдөгү маанисин баса белгиледи. Ошондой эле Чолпон-Атадагы бизнес-форумдун жыйынтыгында узак мөөнөттүү долбоорлор боюнча меморандумдарга кол коюлганын эске салды.

Тараптар билим берүү жана кадрларды даярдоо тармагындагы кызматташтыкты да талкуулашып, Германиянын тажрыйбасын техникалык жана тейлөө чөйрөлөрүндө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

Райнхольд Крэммел өнөр жай, билим берүү, туризм жана HoReCa тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал Германия Кыргызстандын туризм потенциалын колдоого жана адистерди окутууга багытталган программаларды иштеп чыгууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Касымалиев кыргыз-герман ишкерлерине активдүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы чет элдик инвестицияларга ачык экенин жана инвесторлорго бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр 2088 адамды депортациялоого 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн

Былтыр 2088 адамды депортациялоого 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандан 2 миңден ашык чет элдикти депортациялоого канча каражат кеткенин билдирди. 2025-жылы кыска мөөнөттүү амнистия алкагында Кыргызстандан чыкпай туруп, өлкөдө мыйзамдуу болууну легалдаштырышкан чет элдик жарандар 9,6 миңди түзгөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, республикадан жалпы 2 088 чет элдик адам депортацияланган. "

Кыргызстанда нотариат системасын колдонууга акы киргизүү сунушталды

Кыргызстанда нотариат системасын колдонууга акы киргизүү сунушталды

Министрлер кабинети Бирдиктүү нотариат маалымат системасын (БНМС) колдонуу үчүн акы киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, акы нотариалдык аракеттерди жүргүзүү учурунда алынат жана жеке нотариустарга тиешелүү — системаны колдонуу менен техникалык кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөм алынат. Анын өлчөмүн Министрлер кабинетинин алдындагы Экономика жана коммерция министрлигинин Антимонополиялык жөнгө салуу

Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекети менен дипломатиялык мамилени орнотту

Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекети менен дипломатиялык мамилени орнотту

2025-жылы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн географиясы кыйла кеңейди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Эфиопияда Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылды, бул өлкөнүн Африка континентиндеги позициясын чыңдоодогу маанилүү кадам болду. "Ошондой эле Кыргызстандын Египетте элчилигин түзүү чечими кабыл алынды. Бул өлкө үчүн Жакынкы Чыгышта жана Түндүк

Indorama дыйкандарга 250 миң тонна жер семирткич жеткирүүнү пландап жатат

Indorama дыйкандарга 250 миң тонна жер семирткич жеткирүүнү пландап жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эл аралык Indorama компаниясынын директору Пракаш Кежривали менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз дыйкандарына минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз жеткирүүнү, болжол менен 250 миң тонна муктаждыкты камсыздоону талкуулашты. Ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүү багыттары — өсүмдүктөрдү