Кыргызстан спирти Россияда сапаттуу деп табылды

Кыргызстан спирти Россияда сапаттуу деп табылды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги кыргыз спирти Москва жана Минскте өткөн эл аралык конкурстарда сыйлыктарга татыктуу болгонун билдирди.

Агенттиктен билдиргендей, москвалык “Эң мыкты спирт” эл аралык конкурсунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн этил спирти дүйнөлүк сапат стандартына жооп берип эки күмүш медалга татыктуу болгон. Ошондой эле Минскидеги эл аралык алкоголдук жана алкоголдук эмес “Залаты келiх” конкурсунда кыргыз псирти люкс классындагы мыкты спирт деп аныкталып, алтын медалга татыган. 

Эске салсак, “Кара-Балта спирт заводу” көп мезгил иштебей туруп 2020-жылы кайра жанданган. 5 жыл ичинде ишкананын продукциясынын сапатын, кызматкерлердин иштөө шарттарын жана киреше табуу жагын жакшыртуу боюнча бир топ иштер жасалган. 

Этил спиртин өндүрүүгө жана реализациялоого мамлекетик монополия киргизилген соң алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү акциздик салык өскөн. 2021-жылы 1,2 млрд сом болсо, 2022-жылы ал 2,05 миллиардга, а 2024-жылы 4,29 млрд сомго жеткен. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди