Кыргызстан агроэкспортун 2030-жылга карата эки эсеге көбөйтүү пландалууда

Кыргызстан агроэкспортун 2030-жылга карата эки эсеге көбөйтүү пландалууда

KyrgyzTransLogistic 2025 эл аралык көргөзмөсүнүн панелдик сессиясында Кыргызстан 2030-жылга карата агороэкспорт көлөмүн эки эсеге көбөйтүүнү максат кылып жатканын КРнын Агроөноржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев билдирди. 

Ал өткөн жылы кол коюлган Президенттин “Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык экпортту стимулдаштыруу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана инвестицияларды тартуу жаатында 35тен ашык багыттар бекитилгенин эске салды. 

“Президент 2030-жылга карата экспортту эки эсеге жогорулатуу, а 2040-жылга карата кайра иштетүү деңгээлин 50%га жеткирүү”,-тапшырмаларын койгон. Агроөнөржай секторун өнүктүрүш үчүн эффективдүү логистика керек”,-дейт Р. Балтабаев. 

Анын айтымында, экспорт боюнча сөз болгондо ал транспорт жана логистика менен түз байланышта экенин түшүнүү керек. Бул маселелерди чечпей туруп туруктуу өнүгүүгө жетүү мүмкүн эмес. 

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан