"Газпром Кыргызстанга" Россия газы үзгүлтүксүз берилет

"Газпром Кыргызстанга" Россия газы үзгүлтүксүз берилет

 Энергетика министри Таалайбек Ибраев ведомствонун коллегиялык жыйынында “Газпром” ПАКынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Алексей Миллер менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүсү тууралуу айтып берди. 

Т.Ибраевдин билдиришинче, А.Миллер менен менен жолугушууда алар Кыргызстан үчүн “Газпромго” капиталдык салууларды жогорулатууну макулдашышкан. 

“Ал мага газ жеткирүү үзгүлтүксүз болуш үчүн эмне кылуу керектигин сурады. Мен ал үчүн коңшу мамлекеттерден Кыргызстан керектеп жаткан көлөмдөгү газды үзгүлтүксүз кое берип турууну сураныш керектигин айттым.  Ал “Бул маселе Казакстан, Өзбекстан деңгээлинде чечилет. Мен алардан бул боюнча өтүнөм, анткени ал жакта менин туунду ишканаларым бар. “Газпром Кыргызстан” бул менин ишканам жана анда эч кандай үзгүлтүк болбошу керек” деди”,-дейт Т. Ибраев. 

Министр экинчи маселе Миллер менен капитализация тууралуу болгонун билдирди. “Мен объективдүү, субъективдүү себептерден улам капитализация көлөмү бир аз азайгандыктан аны көлөмү мурдагыдай болсун үчүн 1,5 миллиарддай рубль сурадым. Ал бул боюнча тапшырма бергенин жана ал аткарыларын айтты”,-дейт министр.   

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан