Керектөө насыясы мыйзамын бузган банк, финансылык уюмдарга 65 миң сом айып пул салынат
 
    Өлкө башчы Жарандык кодекс мене айрым финансылык мыйзамдарга керектөө насыяларын жөнгө салууну күчөтө турган жана сүткөрлук ишмердүүлүктү чектей турган өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзамга кол койду.
Документке ылайык, банктар, микрофинансылык уюмдар жана насыялык бирикмелер жаңы “Керектөө насыялары жөнүндө” мыйзамына ылайык иштөөгө милдеттүү. Пайыздар менен заем боюнча комиссиялар бекитилген банк мыйзамынын жана Улуттук банктын нормативдеринин гана алкагында аныкталышы керек.
Жарандык кодексте сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишими боюнча товар суммасынын пайызын керектөө насыясы мыйзамынын талаптарына ылайык гана төлөйт. Ал эми ислам финансылык инструменттерине кошумча бааны жана төлөмдү эсептөө тартибин аныктоочу өзүнчө нормалар бекитилген.
Мындан сырткары “Суткорлук ишмердүүлүктү чектөө жөнүндө” мыйзамы жаңыртылды. Жаңы мыйзам насыя берген же үстөк пайыз менен каржылаган бардык юридикалык жана физикалык жактарга тиешелүү. Бирок бул мыйзамдын керектөө насыялары жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мекемелерге тиешеси жок.
Буга байланыштуу Улуттук банк ар жарым жылда 12 пайыз кошулган орто таразаланган пайыздык ченди жарыялап турат. Бул чен эң жогорку чен болуп эсептелет. Бул лимиттен жогорулатуу сүткорлук деп эсептелет. Керектөө насыясы мыйзамын бузган банк, финансылык уюмдарга 65 миң сом айып пул салынып калуу кооптуулугу бар.
 
             
             
             
            