Чакан жана орто бизнеске 153 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрына карата "Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө" долбоорунун алкагында 52 субъектке жалпы суммасы 153,38 миллион сомго кредиттер берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААКсы тартылган.
2025-жылга долбоор боюнча жалпы насыя берүүнүн көлөмү 500 миллион сомду түзөт.