Кыргызстандан Астраханга 130 тонна төө буурчак жеткирилди
Ростов, Волгоград, Астрахань жана Калмак республикасы боюнча Россия айыл чарба көзөмөл башкармалыгы Кыргызстандан Астрахань облусуна 130 тонна төө буурчак жеткирилгенин маалымдады.
Маалыматта өткөн аптанын жыйынтыгы менен Кыргызстандан келген төө буурчактын эки партиясы көзөмөлдөн өткөнү айтылган.
Продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын тактоо үчүн байкоо-көзөмөлдүк иш жүргүзүлүп, эки үлгү аккредиттелген лабораторияга жөнөтүлгөн. Текшерүүдө карантиндик объектилер табылбагандыктан атайын бүтүмдүн негизинде жүк өкүлдөрүнө канрантиндик фитосанитардык кароо актылары берилген.
Андан соң төө буурчак жүктөлгөн унаалар кабыл алуучулар дарегине жөнөтүлгөн.