Казакстан мунай продукциялары менен бензинди өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салды

Казакстан мунай продукциялары менен бензинди өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салды

Казакстан энергетика министрлиги 2025-жылдын 20-ноябрынан 2026-жылдын 20-майына чейин мунай продукциялары менен бензинди өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салган буйругун чыгарды. 

Мындай чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнө да тиешелүү. Документте автоунаалар менен бензинди, дизелдик күйүүчү майды жана мунай продукцияларынын айрым түрлөрүн сыртка чыгарууга тыюу салынары жазылган. Ошондой эле аларды темир жолдор аркылуу ташууга да бөгөт коюлган. 

Мындан сырткары 2026-жылдын 1-январынан тарта 30-июнга чейин жеңил дистилляттарды, авиациялык керосинди, газойлдарды, толуол, ксилол жан мунай битумун ЕАЭБден тышка чыгарууга тыюу киргизилген.  

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу 284 метрлик дамба курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбору тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоору аркылуу каржыланды. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган. Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча