Жалал-Абадда мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып пул салынды
КРнын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы инспектордук текшерүү жүргүзүп, үч акча алмаштыруу бюросун жоопкерчиликке тартты.
Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлагандай, алмашуу бюролору КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол беришкен.
Ушуга байланыштуу Жалал-Абад областында жайгашкан үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.