Бүгүн бетонго кошулуучу химиялык кошулма чыгаруучу завод ачылды
Кыргызстанда Admix Group компаниясы тарабынан курулган бетонго кошулуучу химиялык кошулма өндүрүүчү заводдун ачылышы болду.
Ишкана бетондук аралашмалар үчүн жогорку тактыктагы жана туруктуу химиялык кошулмаларды чыгарган заманбап жабдыктар менен жабдылган. Ошондой эле заводдо ар бир партиядагы продукция көп этаптуу сапат көзөмөлүнөн өтө турган лаборатория бар.
Өндүрүштү ишке киргизүү Кыргызстан курулуш компанияларынын импорттук кошулмалардан көз карандылыгын азайтып, курулуш долбоорлорун ишке ашыруунун эффективдүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатат.
Admix Group өкүлдөрүнүн айтымдарында, заводду ачуу – өлкөнүн индустриализациясына, жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана бетон химиясынын локалдык экспертизасын өнүктүрүүгө кошулган чоң салым.