ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кыргызстандын өз ара соода кылуусу 8 айда 3,8 млрд доллар болду

ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кыргызстандын  өз ара соода кылуусу 8 айда 3,8 млрд доллар болду

Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүнө таянсак, бул жылдын 8 айында ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон өз ара соода кылуу 3,8 млрд доллар болуп, 5,3%га төмөндөгөн. ЕАЭБге экспорттун 39,2%га азайышы бут кийим, жез, темир калдыктарын, жашылча жана ун азыктарын, текстиль, электр унааларын жана жабдыктарын, транспорт жана баалуу металлдар концентраты бар кендерди чыгаруунун азайышынан улам болгон. 

Ошондой эле ЕАЭБден импорт бул мөөнөттө жашылча, мөмө жемиш, кокс жана битум, темир, ун, сүт продукциялары, жыгач, газ, май жана пластмассаалып кирүүнүң эсебинен 11,8%га жогорулаган.  
Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, 8 айда керектөө баалары жана тарифтер 7,1%га өсүп, азык-түлүккө болгон баанын жогорку өсүшү Чүй облусунда, азык-түлүктүк эмес товарлардын кымбатташы – Баткен облусунда, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын жогорулашы – Бишкекте катталган. 

Орточо эмгек акы 42 757 сомду түзүп 19,5%га көбөйгөн. Эмгек акынын жогорулашы курулушта, илим менен техникада, мамлекеттик башкарууда, саламаттык сактоодо, энергетикада, транспортто, финансы секторунда жана пайдалуу кендерди казууда болгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы