Казакстан финансисттеринин XIII конгрессине КРУБ төрагасы катышты

Казакстан финансисттеринин XIII конгрессине КРУБ төрагасы катышты

Конгресстин жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын жетекчилеринин «Экономикалык туруксуздук жана санариптик трансформация шарттарында финансылык системалардын өнүгүүсү» темасында талкуу уюштурулду.

Талкууда КРнын Улуттук банкынын башчысы М.Тургунбаев сөз сүйлөп, учурда жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, төлөм системаларынын өнүгүшү, ошондой эле санарип сомду колдонууга киргизүү келечеги тууралуу маалымат берди.

Өз сөзүндө ал санарип сомду ишке киргизүүдөгү негизги баскычтарды белгилеп, санарип валюта келечекте чыгымдарды кыйла азайтып, эсептешүү мөөнөттөрүн кыскартып жана финансылык операциялардын ачык жүргүзүлүшүн жогорулатуу жагында олуттуу потенциалга ээ экендигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев экөө 12-апрелде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасына катышышты. Венгрияда парламенттик шайлоо ар төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, Улуттук жыйындын депутаттары шайланып турат. Ага ылайык, Венгриянын сегиз миллионго жакын жараны өз демократиялык укуктарын ишке ашырып,

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Элчи

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жеткенин Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен. Ал ошондой эле департамент

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары -