Мейманкана салуу долбоору менен Radisson Hotel Group Кыргызстандын рыногуна кирди

Мейманкана салуу долбоору менен Radisson Hotel Group Кыргызстандын рыногуна кирди

Экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков, Россия-Кыргызстан өнүгүү фондунун башкармасынын төрагасы Артем Новиков жана Radisson Hotel Groupтун вице-президенти Дэвид Филипп Дженкинстин жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Radisson Blu эл аралык мейманкана франшизасы расмий түрдө кыргыз рыногуна кирип жатканы тастыкталды.

Жолугушууда РКӨФнун Бишкекте беш жылдыздуу Radisson Blu эл аралык мейманканасынын курулушуна инвестициялык катышуусунун мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул долбоор туризм тармагын өнүктүрүүдө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун чыңдоодо маанилүү кадам болуп калмакчы.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экономикасына стратегиялык инвесторлорду жана эл аралык бренддерди тартууга багытталган долбоорлорду колдоону улантууда.

Бул демилгени ишке ашыруу алкагында «Кап Строй Кей Джи» менен Radisson Hotel Groupтун ортосунда келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Документке «Кап Строй Кей Джи» компаниясынын башкы директору Талантбек Кенжеев жана Radisson Hotel Groupтун вице-президенти Дэвид Филипп Дженкинс кол коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев экөө 12-апрелде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасына катышышты. Венгрияда парламенттик шайлоо ар төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, Улуттук жыйындын депутаттары шайланып турат. Ага ылайык, Венгриянын сегиз миллионго жакын жараны өз демократиялык укуктарын ишке ашырып,

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Элчи

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жеткенин Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен. Ал ошондой эле департамент

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары -