Сүт өндүргөн фермерлер пайызсыз жана күрөөсүз колдоо алышты

Сүт өндүргөн фермерлер пайызсыз жана күрөөсүз колдоо алышты

Бүгүн КРнын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасында сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун “Кошумча каржылоо” бөлүгүнүн алкагындагы жыйынтыктоочу иш-чара өткөрдү.           

Иш-чаранынын жүрушундө Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов сөз сүлөп, аталган долбоордун алкагында Финансы министрлиги тарабынан “Фермердик чарбалар деңгээлиндеги инвестициялар” деп аталган 3-компонент ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын билдирди. Анын айтымында бул компонент аркылуу фермерлерге бодо мал сатып алуу үчүн пайызсыз жана күрөөсүз ссудалар берилди.           

КР Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева долбоордун аткарылышы тууралуу презентация жасап, Каражаттары жүгүртүү фонду аркылуу 7 378 фермер жалпы 934 598 000 сом өлчөмүндө каржылоо алгандыгын билдирди.

Бермет Мусакожоеванын айтымында, фермерлер Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында 4–8 адамдан турган Сүт өндүрүүчү зайым алуучулар тобуна (СӨЗТ) бириктирилген. Жалпысынан фермерлер долбоор аркылуу кеминде 11 миң баш ири мүйүздүү мал сатып алышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы