Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстанда жаңы Салык кодексинин нормалары боюнча иштөөгө даярдык көрүлүп жатат. Ал 2026-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Өлкөнүн айрым ишкерлери бул жаңы нормалар орто класска жана экономикага сокку болот деп айта башташты. Ал тургай казак ишкерлери муну “чакан жана орто бизнеске каршы глобалдык саясат” дешип, документти “жазалоочу китеп” атап жиберишти. 

Казакстандын жаңы салык структурасында кандай негизги өзгөрүүлөр жазылган? Алар: 
  • кошумча нарк салыгын (КНС) 12%дан 16%га чейин жогорулатуу;
  • чакан жана орто бизнес үчүн атайын салыктык режим нормаларын күчөтүү;
  • ири жана чакан компаниялардын ортосунда бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу;
  • тамеки менен алкоголдун акциздик салыгын жогорулатуу;
  • энергетикалык суусундуктарга акциз салыгын киргизүү. 

Казак ишкерлери эмне нааразы?

Алар компаниялар кыска убакытта жаңы талаптарга жана чыгашалардын өсүүсүнө даярданууга үлгүрбөйт деп эсептешет. Ошол себептен өндүрүүчүлөр азыртадан эле азык-түлүк аз дегенде 30-50%га өсөрүн айтышууда. 

Коомдук тамактануу тармагынын өндүрүштүк цехтери салык кысымын көтөрө албагандыктан көптөгөн чакан ишканалар жабылууга аргасыз болот деген божомол бар. Эксперттер болсо жаңы Салык кодексинин ишке кириши менен миңдеген жумуш орундары кыскарат деген ойдо турушат. Чакан бизнестин ээлери чыгашаларды азайтып, бизнести кармап калуу үчүн аргасыз чараларга барышы мүмкүн экени айтылып жатат. 

Ошону менен бирге эле Казакстан бизнеси салыктык өзгөртүүлөрдөн улам тышкы рынокто Кыргызстан менен Өзбекстан товарларына болгон аттандаштыкта утулуудан кооптонуп турат.  

Коңшу өлкөнүн Салык кодексинин жаңырышы Кыргызстанга кандай таасир этет?

Эгер КНС Казакстанда 16%га жогоруласа, анда ал жакта өндүрүлгөн товарлар кымбаттайт. Бул Кыргызстан бизнесине жаңы мүмкүнчүлүктөр терезесин ачышы мүмкүн, себеби, азык-түлүккө болгон жергиликтүү баа атаандаштыкка туруктуураак болот. 

Соцтармактарда чоң салык кысымдары менен жөнгө салуучу чыңалууларга туш болгон айрым казакстандык компаниялар бизнести коңшу мамлекеттерге көчүрүү мүмкүнчүлүгүн вариант катары карашары талкууланып жатат. Себеби ишкерлер дайыма азыраак чыгым тартып, жагымдуу юрисдикцияга кетүүнү калашат.

Эксперттердин айтымында, эгер мындай боло турган болсо Кыргызстан экономикасы күчтөнөт. Себеби, Кыргызстандык салык системасы туруктуураак жана жергиликтүү өндүрүштү колдоого багытталган. 

Кайсыл өлкө, өзүнүн салык мыйзамын кандай өзгөртпөсүн, бизнес, экперттик коомчулук ар бир салык саясатынын кескин өзгөрүшүн жөнгө салуучу тобокелчилик катары эсептешет.

Мындан тышкары окуңуз

Алайдын Арпа-Тектир айылына 58 млн сомго спорт комплекс салынууда

Алайдын Арпа-Тектир айылына 58 млн сомго спорт комплекс салынууда

Алай районунун Арпа-Тектир айылында заманбап үлгүдөгү спорт комплекс курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 58 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, спорт комплекс эки блоктон турат. Имаратта жалпы аянты 1006 чарчы метрди түзгөн спорт зал каралган. Анда волейбол, баскетбол жана футбол ойноо үчүн

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта Индиядан жаныбарларды, эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта Индиядан жаныбарларды, эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда 2026-жылдын 28-январынан тартып Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматы Индиядан Nipah вирусуна кабылуучу жаныбарларды жана эт продукцияларын алып кирүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул чаралар Индияда Nipah вирусунун очогу катталганына байланыштуу жана

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кепилдик фонд" ААКсы жалпы суммасы 3,79 млрд сомду түзгөн 1 656 кепилдик берди. Бул колдоонун натыйжасында ишкерлер 12,98 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматынан билдиришти. Кепилдик колдоонун негизги бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, 894 кепилдик

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО боюнча БУУдагы туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз жеңил конструкциялардан — моноблоктордон турак жай куруунун жаңы технологиясын иштеп чыгып, аны патенттеген. Ал бул технология жеңил жука болот конструкциялары, структуралык-изоляциялык панелдерге, ошондой эле фин жана канадалык курулуш ыкмаларына альтернатива экенин билдирди. Курулуш идеясы кыргыз боз үйүнүн архитектуралык