Социалдык келишим долбоору: 9 айым 9 миллион сом киреше таап миллионер болушту

Социалдык келишим долбоору: 9 айым 9 миллион сом киреше таап миллионер болушту

2022-жылы Президенттин демилгеси менен башталган - Социалдык жардамдын негизиндеги социалдык контракт түзүү программасынын жыйынтыгы жакшы натыйжа берип жатат. Ага ылайык, 100 миң сомдон социалдык контракт 2022-жылы - 2800 үйбүлөөгө, 2023-жылы 10 000 үйбүлөөгө, 2024-жылы 23 000 үйбүлөөгө кайтарымсыз негизде жардам берилген. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында социалдык контрактты 2 топтун өкүлдөрү ала алышат (бири жөлөк пул алган үйбүлөө, экинчиси аз камсыз болгон үйбүлөө).

“Быйыл социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Ага ылайык, 2025-жылдын аягына чейин 13 миң 333 үй-бүлө ушул социалдык контрактты алышы күтүлөт. Жыл башынан 7-ноябрга чейинки маалымат боюнча 12 миң 661 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Социалдык контракттын алкагында колдоо алган жарандар негизинен айыл чарба, өндүрүш, кызмат көрсөтүү жана соода-сатык сыяктуу төрт тармакта иш башташат. Алардын ичинен социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашырган 9 айым жылдык кирешесин 9 миллион сомго жеткирип, миллионер болушту” – деп билдирди Гүлмайрам Автандил кызы.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мындан тышкары, өз бизнесин ийгиликтүү өнүктүргөндөргө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берүү да жолго салынган. 3 жылга эсептелген бул пайызсыз кредитти жыл башынан бери республика боюнча 1086 жаран алган.

Мындан тышкары окуңуз

Алайдын Арпа-Тектир айылына 58 млн сомго спорт комплекс салынууда

Алайдын Арпа-Тектир айылына 58 млн сомго спорт комплекс салынууда

Алай районунун Арпа-Тектир айылында заманбап үлгүдөгү спорт комплекс курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 58 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, спорт комплекс эки блоктон турат. Имаратта жалпы аянты 1006 чарчы метрди түзгөн спорт зал каралган. Анда волейбол, баскетбол жана футбол ойноо үчүн

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта Индиядан жаныбарларды, эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта Индиядан жаныбарларды, эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда 2026-жылдын 28-январынан тартып Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматы Индиядан Nipah вирусуна кабылуучу жаныбарларды жана эт продукцияларын алып кирүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул чаралар Индияда Nipah вирусунун очогу катталганына байланыштуу жана

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кепилдик фонд" ААКсы жалпы суммасы 3,79 млрд сомду түзгөн 1 656 кепилдик берди. Бул колдоонун натыйжасында ишкерлер 12,98 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматынан билдиришти. Кепилдик колдоонун негизги бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, 894 кепилдик

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО боюнча БУУдагы туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз жеңил конструкциялардан — моноблоктордон турак жай куруунун жаңы технологиясын иштеп чыгып, аны патенттеген. Ал бул технология жеңил жука болот конструкциялары, структуралык-изоляциялык панелдерге, ошондой эле фин жана канадалык курулуш ыкмаларына альтернатива экенин билдирди. Курулуш идеясы кыргыз боз үйүнүн архитектуралык