Айдаркен шаарында таш майдалоочу, бетон чыгаруучу завод ачылды

Айдаркен шаарында таш майдалоочу, бетон чыгаруучу завод ачылды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенин “Кабар” маалымат агенттигине Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.  

Аталган ишкананын ачылышына облус башчысы Айбек Шаменов катышып, заводдуначылышы аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө болорун билдирди.

Муниципалдык ишкана суроо-талапка жараша толук кандуу кубаттуулукта иштесе күнүнө 60 тонна шагыл, 1000 куб метр бетон аралашмасын даярдай алат.

Заводдун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 32 млн сом ажыратылган.  Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом жумшалган.

Натыйжада 10 жумуш оруну түзүлүп, заводдон түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке киреше болот.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо