Кыргызстан ишкерлер союзунун президенттигине Мелис Сатаров шайланды

Кыргызстан ишкерлер союзунун президенттигине Мелис Сатаров шайланды

Жалпы өлкө боюнча 87 ишкерлик бирикмелердин башын бириктирген Бизнес-ассоциацияларынын улуттук альянсы (БАУА) ар жылы отчеттук жыйын өткөрүп келет. Быйылкы жылдын отчеттук жыйналышынын жыйынтыгы менен Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти болуп Мелис Сатаров шайланды. 

Альянста Мелис Сатаровдун шайланышы бизнес-коомчулуктун ага болгон ишениминин жогорку деңгээлин жана анын ишкерлер менен мамлекеттик структуралардын ортосундагы диалогду күчөтөт деген үмүт бар экендигин көрсөтөт. 

Мелис Сатаровдун ишкерлик жана институционалдык өнүгүү тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар.  БАУАдагылар Сатаровдун бул кызматка келиши бирикменин ишиндеги ишкерлик климатты жакшыртууга, бизнес атаандаштыгын жогорулатууга жана чакан, орто ишкерликтин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багтытталган жаңы этапты ачат деп эсептешет.  

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо