ШКУ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин отурумунда кандай документтерге кол коюлду?

ШКУ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин отурумунда кандай документтерге кол коюлду?

Москвада өткөн ШКУ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлганын МинКаб маалымат кызматы билдирди. 

Кол коюлган документтер: 

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйырма төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике. 

2. ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын акчалай камсыздоосу, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

3. 2026-жылга ШКУнун бюджети жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

4. 2024-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетинин аткарылышы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык отчету жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

5. Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

6. ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча комиссиянын отчету жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

7. ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жыйындар жөнүндө ШКУнун катчылыгынын отчету боюнча Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

8. ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү концепциясын 2027-жылга чейин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

9. ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы социалдык өнүгүү жана коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2026-2028-жылдарга карата жол картасы жөнүндө Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

10. 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол.

 

Мындан тышкары окуңуз

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди. Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды. "Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат. "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында спорттук курулуштар үчүн каралган 2,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

10 күндөн бери эл сүйүп көрүп жаткан Руслан Акундун "Нелегал" киносуна көп акча каражаты жумшалганын режиссер коомчулукка билдирди. Режиссёрдун айтымында, бул кинонун бюджети 61 млн. сомдон (700 миң доллар) ашкан. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынан (ага мамлекет 70 млн сомдон ашык акча