БУУнун климаттык саммити 2026-жылы Антальяда өтөт

БУУнун климаттык саммити 2026-жылы Антальяда өтөт

БУУнун ар жылы өтүүчү климаттык саммити 2026-жылы Түркияда өтөрүн Reuters жазды. Аталган саммитти өткөрүүгө эки өлкө атаандашып, бири-бирине жол берүүдөн баш тартышкандыктан, жетекчилик конферфенцияны Антальяда өткөрүп, төрагалык кылуу укугун Австралияга берүүнү чечкен. 

Белгиленгендей Австралия өзүнүн арызын аралдык мамлекеттер менен кызматашуудагы “Тынчокеандык БУУнун климаттык саммити” катары сунуштаган. Көп өлкөлөрдөн колдоо табарынан үмүт арткан Австралия саммитке даярданууга 4,5 млн доллар салган. 

COP31ге(2025-жылы 20-ноябрда өтүүчү климаттык саммит) катышуучу Түркия экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкө катары саммитти кеңейтүү менен өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы тилектештик идеяларын алдыга жылдыруугуа кызыкдар экенин билдирген.   

Азыр СОР30 Беленде өтүп жатат. Ар жылы өлкөлөр климаттын өзгөрүшү менен кантип күрөшүүнү, зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну кыскартууну жана аярлуу мамлекеттерге кантип жардам берүүнү талкуулашат. 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Тиллабай» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары кайтарылып алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-мартындагы чечиминин негизинде аталган компаниянын эки лицензиясы 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүн жоготту. Тактап айтканда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган. Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун негизинде көтөрүлгөн. "

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.