"Максат - өлбөө": РФте чакан бизнес кризиске карай туруштук издөөдө

"Максат - өлбөө": РФте чакан бизнес кризиске карай туруштук издөөдө

2025-жылы РФгы көптөгөн компаниялар өнүгүү стратегияларын кайрадан карап чыгышты. Алардын пландарынын алмашуусуна ар кандай факторлор: жогорку пайыздык чен, салыктыктын көбөйүшү жана керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын төмөндөшү таасир эткен. Ушуга жараша  Forbes.ru эксперт жана ишкерлер менен чакан бизнести аман алып калуу тууралуу сүйлөшүүсүн жарыялады.

Билдирүүгө караганда, 2025-жылдагы экономикалык абал оңой болгон жок. Ишкерлердин дээрлик 40%ы өз ишмердүүлүгү үчүн негизги чектөө катары суроо-талаптын төмөндөшүн атаса, респонденттердин 30%ы карызга алынган каражаттын жана жүгүртүүдөгү каражаттын жетишсиздигин белгилешкен. Бул жыл чындап эле оор болду, деп моюнга алат 3 Streams фондунун инвестициялык директору Илья Курзанов. Анын айтымында кредиттер боюнча жогорку пайыздык чен болгонуна карабастан, көптөгөн компанияларда карызданууга туура келди. Ушундан улам, чакан жана орто бизнес үчун бул көйгөйлөр банкрот болуу толкунун жаратышына шарт түзүүдө, деп билдирди Курзанов.

Ал эми Eggsellent кулинардык тобунун негиздөөчүсү Полина Юрова «Биз сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүн байкап жатабыз жана сегиз жыл ичинде биринчи жолу тармак боюнча жылдан жылга киреше өспөй жатат», — деп бөлүштү.

Эксперттердин пикиринде, Россиянын чакан бизнесинде банкрот болуу дээрлик башталды. Октябрь айында Y-Self мультибренддүү дүкөнү жабылганын жарыялаган. Ошондой эле I am studio, Totti, LeoFisherBags бренддери дагы ишин токтотушкан.

Ушуга байланыштуу Стартаптардын азыркы максаты – өлбөө жана банкроттукка жол бербөө. Рынокту тез арада басып алуу пландарын кийинкиге калтырып, ишмердүүлүктү үзгүлтүксүз улантуу, деп билдиришти эксперттер.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта