Кыргызстан ЭВФ менен экономикалык өсүүнү жана инвестицияларды талкуулады

Кыргызстан ЭВФ менен экономикалык өсүүнү жана инвестицияларды талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары Субир Лалл менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандагы учурдагы макроэкономикалык абал, ЭВФтин кыска мөөнөттүү миссиясынын жыйынтыктары жана туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган кызматташуунун келечеги талкууланды. Данияр Амангельдиев акыркы жылдары өлкөдө социалдык-экономикалык туруктуулук сакталып жатканын, экономиканын 2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 10% өсүшкө жеткенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө негизги инфраструктуралык долбоорлор – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, Камбарата ГЭС-1, Барскоон–Бедел автожолу жана жеткиликтүү турак жай программасы — атап айтылды. ЭВФ өкүлү өлкөдөгү реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын глобалдык рынокторго интеграцияланышы жана түз инвестицияларды тартуу маанисин баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан экономикалык өсүштү туруктуу жана инклюзивдүү сактоо үчүн эксперттик пикир алмашууну улантууга жана практикалык кызматташтыкты күчөтүүгө макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта