Сокулук районунда 116,2 млн сом финансылык бузуулар аныкталды

Сокулук районунда 116,2 млн сом финансылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата иш планынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бир катар мекемелердин 2024-жыл үчүн бюджеттеринин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча шайкештик аудиттер жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 116,2 млн сом өлчөмүндө финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен 94,7 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш болгон, аудит маалында анын 65,1 млн сомукалыбына келтирилди.

Аныкталган бузуулардын негизгилери:

  • бюджет долбоорунун киреше бөлүгүндөгү мыйзам бузуу — 13,1 млн сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында чегербөө — 1,02 млн сом;
  • бюджеттик каражаттарды сметадан тышкары пайдалануу — 810 миң сом;
  • резервдик фондду максатсыз колдонуу — 104 миң сом;
  • курулуш иштеринин наркын же көлөмүн негизсиз жогорулатуу — 3,5 млн сом;
  • мурун эсепке алынбай келген мамлекеттик жана муниципалдык мүлк — 83,3 млн сом;
  • эмгек акы жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча чыгымдар — 1,9 млн сом;
  • дебитордук карыздарды туура эмес эсепке алуу — 2,8 млн сом.

Аудиттин жыйынтыктары Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында каралып, тиешелүү отчет Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жиберилди.

Сокулук райондук администрациясына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген. Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктен билдиришти. Анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик