Айдоочулук күбөлүктү эми онлайн алмаштырса болот

Айдоочулук күбөлүктү эми онлайн алмаштырса болот

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн форматы ишке киргизилгенин президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми айдоочулук күбөлүктү жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштыра алышат. Бул санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” аркылуу кантип алса болот

  • Айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу үчүн “Түндүк” тиркемесине 083-формадагы медициналык маалымкат алдын ала жүктөлгөн болушу керек. Маалымкатсыз өтүнмө кабыл алынбайт;
  • “Түндүк” тиркемесине кирип, Кызматтар” бөлүмүнө кирип, андан соң “Автотранспорт жана айдоо” бөлүмүн тандайсыз;
  • “Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга өтүнмө берүү” кызматын тандап, өтүнмө жөнөтөсүз;
  • Тиркемеден жеке маалыматтарды тактап чыгып, “андан ары” баскычын басасыз.
  • Айдоочулук күбөлүктү берүүчү уюмду тандап, колдонуу максатын белгилейсиз (алмаштыруу, кайра жаңы алуу ж.б.);
  • Жеткирүү ыкмасын тандаңыз: – “ооба” — курьердик жеткирүү (дарегиңизди жана индексиңизди көрсөтүңүз), – “жок” — даяр күбөлүктү өзүңүз барып аласыз.
  • Тиркеме аркылуу сүрөткө түшүңүз. Талаптар: камерага түз кароо, бетте жана кийимде көлөкө болбоосу, жарык,  сапаттуу, баш кийимсиз (жоолукка уруксат берилет) болушу керек.
  • Төлөм жүргүзүү: Бардык төлөмдөр QR-код аркылуу аткарылат. Тиркеме автоматтык түрдө QR-код түзүп берет, аны каалаган төлөм колдонмосу аркылуу сканерлеп төлөй аласыз.

Жыйынтыгында 2–3 иш күнү ичинде жаңы айдоочулук күбөлүк даярдалат. Документти алууда эски айдоочулук күбөлүктү тапшыруу милдеттүү. 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Тиллабай» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары кайтарылып алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-мартындагы чечиминин негизинде аталган компаниянын эки лицензиясы 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүн жоготту. Тактап айтканда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган. Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун негизинде көтөрүлгөн. "

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.