Эсептөө палатасынын аудити Бишкек мэриясындагы ири өлчөмдөгү мыйзам бузууларды тапты

Эсептөө палатасынын аудити Бишкек мэриясындагы ири өлчөмдөгү мыйзам бузууларды тапты

Эсептөө палатасынын аудити Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетин түзүү менен аткарууда, ошондой эле муниципалдык мекемелер менен мүлктү башкарууда бир топ мыйзам бузууларды тапканын “Акипресс” жазды.  

Отчетто жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык мэриясында төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталган: 

- бюджетте пайдаланылган 3 млн евро көрсөтүлгөн эмес;

-жергиликтүү бюджеттин болжолдуу кирешеси негизсиз 954 млн сомго төмөндөтүлгөн, анын ичинде жер ижара акысы – 154 млн сом, айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу – 800 млн сом; 

-2,86 млрд сомдук чыгымдар бюджеттик мыйзамда жана шаардык кеңештин 2023-жылдагы №84 чечиминде каралбаган  “өз ара эсептешүү” форматында жүргүзүлгөн; 

-кирешелер отчетуна 2023-жылдын 1-январына карата 1,3 млрд сом калган каражат мыйзамсыз түрдө киргизилип, кирешелер бөлүгү көбөйгөн;

-эмгек акыларды чегерүүдөгү мыйзам бузуулар 324,7 млн сомду түзгөн. 

- мэрдин резервдик фондунан 25,2 млн сом кызматкерлерди стимулдаштыруу үчүн материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо иш-чарасына колдонулган;

-  муниципалдык мекемелер толук финансылык отчет беришкен эмес. Алардын дебитордук карыздары 2,46 млрд сомго чейин өскөн;

- транспорт департаменти 89,3 млн сом ашыкча субсидий алган;  

-тамактануу чыгымдарын сарптоодо 32,6 млн сомго мыйзам бузуулар болгон;

- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузулуп, 1,7 млрд сомго мыйзам бузуулар болгон;

- мөөнөтү өтүп кеткен карыздар 1 млрд сомдон ашкан. 

Мындан тышкары окуңуз

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу өнөктүгү 2026-жылдын 31-мартында жыйынтыкталды. Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин мындай күбөлүктөрдү белгиленген тартипте алмаштыруу улантылат. Бул учурда медициналык

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Чектөө жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Ушуга байланыштуу айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы да убактылуу өзгөртүлөт. Шаар тургундары

Нарын облусунда жол куруу иштери күчөтүлдү

Нарын облусунда жол куруу иштери күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, Нарын–Баетов (5–120-чакырым) жана Баетов–Макмал (0–30-чакырым) унаа жолдорундагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда долбоордун алкагында негизги даярдык иштери жүрүп, карьерлерди иштетүү башталды. Бул курулуш материалдары менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа