Кыргыз-Венгер өкмөттөр аралык комиссиясы жаңы макулдашууларга кол койду

Кыргыз-Венгер өкмөттөр аралык комиссиясы жаңы макулдашууларга кол койду

2025-жылдын 21-ноябрында Будапешт шаарында кыргыз-венгер соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны болуп өттү.  Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, жыйындын жүрүшүндө тараптар соода-инвестициялык кызматташтыкты, агрардык жана өнөр жай кооперациясын, санариптештирүүнү, авиацияны, энергетиканы, транспортту жана гуманитардык алмашууларды камтыган экономикалык күн тартибинин кеңири багыттарын карашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Комиссиянын 4-жыйынынын протоколуна жана КРнын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлигинин ортосунда ветеринария жана ветеринардык көзөмөл жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Ири темир жол долбоорлору өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот

Ири темир жол долбоорлору өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот

Кыргызстанда темир жол тармагын өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасын бекемдөө жана аймактарды байланыштырууну күчөтүү максатында ири инфраструктуралык долбоорлор башталып, жаңы темир жол магистралдары курулуп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу курулушу жүрүүдө. Ошондой эле “Балыкчы – Кочкор” темир жолунун курулушу Кочкор районунда

Жалал-Абадда 8 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Жалал-Абадда 8 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Жалал-Абад облусунда 8 көмөк чордондун күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул иштер Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдык тапшырмаларынын алкагында “КУЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлдү. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Базар-Коргон Т-1 16 МВАдан 40 МВАга, Көк-Таш 6,3 МВАдан 16 МВАга көтөрүлдү. Иш-чаралар тармактын ишенимдүүлүгүн күчөтүп, калкты сапаттуу жана

Ошто электр-куроочулар үчүн жаңы кызматтык имарат курулду

Ошто электр-куроочулар үчүн жаңы кызматтык имарат курулду

Ошто Көмөк чордондор кызматынын Ош тайпасынын электр слесарлары үчүн жаңы кызматтык имарат курулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Имарат Ош шаарынын Жапалак айылында, ДЭУ-21 көчөсүндө, “Узловая” көмөк чордонунун жанында жайгашкан. Курулуш Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы тарабынан каржыланып, сметалык баасы 7060,76 миң сомду түздү. Курулуш иштерин

Бишкекке жаңы автобустардын экинчи партиясы келди

Бишкекке жаңы автобустардын экинчи партиясы келди

Бүгүн ЕРӨБдин “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарына жаңы автобустардын экинчи партиясы келип жетти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган долбоордун алкагында жалпысынан 95 автобус алынып жатат. Буга чейин 20 даана автобус келген болсо, бүгүн кошумча 8 даана жеткирилди. Жалпы эсеп менен азыр Бишкек шаарына 28 даана жаңы автобус келип жетти.