Өзбекстан быйыл 9 айда 10 млрд долларга жакын алтын экспорттогон

Өзбекстан быйыл 9 айда 10 млрд долларга жакын алтын экспорттогон

Өзбекстан быйылкы жылдын 9 айында монетардык эмес алтындын экспорту боюнча олуттуу өсүшкө жетишкенин Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10 ай ичинде чет элге сатылган алтындын көлөмү 9,90 млрд долларды түзүп, 2024-жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу 49,4%га көп болгон (2024-жылы — 6,63 млрд доллар).

Алтындын өлкө экспортуна карата үлүшү 34,1%га жетип, өткөн жылдын январь–октябрына караганда (29,2%) кыйла жогорулаган. Бул баалуу металлдын Өзбекстандын тышкы соодасындагы мааниси өсүп жатканын көрсөтөт.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын январь–октябрында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 66,5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,75 млрд долларга же 21,5%га көбөйгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Росатомго таянган жогорку окуу жайларда - акысыз жогорку билим алуу сунушталат

Росатомго таянган жогорку окуу жайларда - акысыз жогорку билим алуу сунушталат

Кыргызстандын экономикасынын негизги жана эң келечектүү багыттарынын бири - энергетика. Бул тармак өтө тездик менен өнүгүп жаткандыктан, жаш адистерге абдан муктаж. Энергетика тармагындагы россиялык билим берүү дүйнөдөгү эң күчтүү билимдердин бири болуп саналат. 2026/27-окуу жылы жаш кыргызстандыктар үчүн дүйнөдөгү алдыңкы энергетикалык корпорациялардын бири болгон - Росатомго таянган жогорку окуу

Таласта 15 сомдук желим түтүк 3500 сомдон сатылып мамлекетке 23 млн сом зыян келтирилген

Таласта 15 сомдук желим түтүк 3500 сомдон сатылып мамлекетке 23 млн сом зыян келтирилген

Таласта суу эсептегичтерди орнотуу долбоорун ишке ашырууда одоно мыйзам бузуулар болуп, мамлекетке 23 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин УКМК билдирди. 2019-жылы "Таза Суу" муниципалдык ишканасы "P" ЖЧКсы менен 6000 суу эсептегичти жеткирүү жана орнотуу боюнча 349,7 миң еврого келишим түзгөн. Келишимге жабдууларды жеткирүү, орнотуу, ишке

Курулуш компанияладын жетекчилерине акы төлөнүүчү кызматтар тууралуу кабарланды

Курулуш компанияладын жетекчилерине акы төлөнүүчү кызматтар тууралуу кабарланды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстандагы 100дөн ашык курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Анын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлунда чыккан №393 токтомун ишке ашыруу жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берилди. Тагыраагы  “Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн

Айдоочулук күбөлүктү эми онлайн алмаштырса болот

Айдоочулук күбөлүктү эми онлайн алмаштырса болот

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн форматы ишке киргизилгенин президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми айдоочулук күбөлүктү жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштыра алышат. Бул санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат. Айдоочулук күбөлүктү