Apple Индияны Россияга iPhone алып киргени үчүн коркутту

Apple  Индияны Россияга  iPhone алып киргени үчүн коркутту

Индиялык ретейлер Apple техникасын Россияга саткандыгы үчүн ири айып пулдарды төлөп калуу коркунучу бар экенин “РБК” маалымдады. Эгер жабдык сатылгандан 90 күндөн кийин чет өлкөлүк SIM-карта менен активдешсе, анда дүкөнгө санкция киргизилет жана айып пул суммасы айтылбайт. 

 Буга чейин Apple компаниясы сатуучуларга минтип түздөн-түз эскертпесе, бул жолу техногигант “агрессивдүү позияны карманды” деп жазат индиялык MoneyControl басылмасы. Эгер мындай схемадагы дүкөн кармалса ал калифорниялык фирманын техникаларын сатуу боюнча расмий лицензиясынан ажыратышат. 

Индияда бардык электроника экспортунун 40%га  жакыны Apple техникасына таандык, “серый” экспорттун үлүшү 5%ды түзөт жана мунун жарымы Россияга туура келерин  Money Control басылмасы баса белгилеген. 
Негизинен чектөөлөр iPhone 17 акыркы моделине таандык. Ошентип компания өзүнүн продукциясы Apple расмий ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөн мамлекеттерге түшүүсүн чектөөгө аракет кылып жатат.  

Apple техникаларын түз блоктоо иштерин кылган эмес, ошол себептен App Storeдо россиялык операторлор аркылуу төлөө ыкмасы жакшы иштеп жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс

Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги жана көргөзмө уюштуруучу BiExpo компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Ведомствонун маалыматына ылайык, документ көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик бизнести колдоого жана Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны эл аралык рынокторго чыгарууга багытталган. Меморандумга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана BiExpo компаниясынын директору Виктор Линовицкий кол коюшту. Документ