Кыргызстанда 10 айда 595 млрд сомдук өнөр жай продукциясы чыгарылды

Кыргызстанда 10 айда 595 млрд сомдук өнөр жай продукциясы чыгарылды

2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда жалпы 595 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,9% көп. Ал эми октябрь айында 83 млрд 638 млн сомдук продукция чыгарылып, өткөн жылдын октябрына караганда 2,2% көп продукция өндүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Оштун Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушу башталды

Оштун Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушу башталды

Бүгүн Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Мектеп бардык заманбап шарттарды эске алуу менен курулат. Жылуулук берүү үчүн откана, ажаткана, баскетболдук жана волейболдук аянтча, балдар ойноочу жай жана стадион да каралган. Ошондой эле

УКМКнын атын жамынып жарандан 46 миң доллар алдап кеткендер кармалды

УКМКнын атын жамынып жарандан 46 миң доллар алдап кеткендер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 1978-жылы туулган С.И.И. жана 1982-жылы туулган А.А.Б. аттуу жарандар УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, К.Д. аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылып, алдоо жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпысынан 46  миң АКШ долларын ээлеп

Нарын облусунда электр эсептөө системасын санариптештирүү уланууда

Нарын облусунда электр эсептөө системасын санариптештирүү уланууда

Нарын облусунда электр тармагын санариптештирүү жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында автоматташтырылган эсепке алуу системасын (АСКУЭ) орнотуу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. 2025-жылга карата 32 753 абонентке АСКУЭ орнотуу пландалган болсо, учурда 30 643ү (94%) ийгиликтүү орнотулду. Иш-аракеттер ноябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүлөт. Райондор боюнча

В.Путин: Россиядан Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын инвестиция тартылды

В.Путин: Россиядан Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын инвестиция тартылды

Россия президенти Владимир Путин Бишкектеги эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан экономикасына салынган россиялык инвестициянын көлөмү 2 млрд долларга жакын болгонун билдирди. Россия лидери өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 13,6%га жетип, 4,1 млрд долларды түзгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле ал быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында бул