14 жылдык тыныгуудан соң Экономика Кызматташтык уюму кайрадан жолугушту

14 жылдык тыныгуудан соң Экономика Кызматташтык уюму кайрадан жолугушту

2025-жылдын 24–26-ноябрь күндөрү Стамбул шаарында 14 жылдык тыныгуудан кийин Экономикалык кызматташтык уюмунун (ECO) 5-Жыйыны болуп өттү. Жыйын аймактык соода-экономикалык интеграцияны чыңдоого багытталып, ага Түркиянын соода министри Өмер Болат баштаган мүчө мамлекеттердин министрлери, орун басарлары жана дипломаттар катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан Түркиядагы Кыргызстандын Соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, өлкөнүн соода тармагынын санариптештирилиши, электрондук маалымат алмашуунун кеңейиши, бирдиктүү бажы стандарттарын өнүктүрүү жана ECOTA келишимин заманбап шарттарга ылайык жаңылоо боюнча приоритеттерин жана сунуштарын билдирди.

Үч күндүк программанын алкагында Жогорку деңгээлдеги адистер тобунун жыйыны жана министрлердин жолугушуулары өткөрүлүп, ECO мейкиндигинде экономикалык интеграцияны тереңдетүү, аймак ичиндеги соода жүгүртүүнү көбөйтүү, ошондой эле соода жана бажы тармагындагы кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле ECO аймагында эркин соода мейкиндигин түзүүгө багытталган жаңы жол карта бекитилди.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу

Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом бөлүнөт

Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом бөлүнөт

Бишкек шаарына жакында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө жалпысынан 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жаңы аймактарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыккан. Мэр белгилегендей, аталган программанын