"Дордой", "Туратали" жана "Мадина" базарларындагы объектилер санариптештирилди
Салык кызматынын инспектору Элина Кенжебаева радиоэфирде "Дордой", "Туратали" жана "Мадина" базарларында соода объектилерин санариптештирүү иштери толук аяктаганын билдирди.
Анын айтымында, "Базар" системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында "Дордой" базарында 17 базар жана чакан соода аймактары санарипке өткөрүлдү.
"Система 13 миң соода объектисин жана 14 миң салык төлөөчүнү камтыды, алар азыр толук режимде иштеп жатат", — дейт Э. Кенжебаева.
Инспектор кошумчалагандай, "Туратали" базарында (Кара-Суу району) болжол менен 3,4 миң соода объектиси жана 3,5 миңге жакын салык төлөөчү санариптештирилген.
"Мадина" базарында санарипке өткөрүлгөн объектилердин саны 1,3 миңди, ал эми салык төлөөчүлөрдүн саны 1,1 миңди түзгөн.
Кенжебаева белгилегендей, жаңы системанын ишке кириши Салык кызматына операцияларды онлайн режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берип, базарлардагы ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатты.