Жакынкы жылдарда Кыргызстанда сугатка болгон муктаждык 2–6%га көбөйүшү мүмкүн

Жакынкы жылдарда Кыргызстанда сугатка болгон муктаждык 2–6%га көбөйүшү мүмкүн

Климаттын өзгөрүшү өлкөнүн агрардык секторуна болгон басымды күчөтөрүн Дүйнөлүк банктын улук экономисти Елена Голуб климат жана өнүгүү боюнча өлкөлүк докладдын презентациясында билдирди.

Анын айтымында, абанын температурасы жогорулаган шартта айыл чарба жана мал чарбачылыгында сугатка болгон муктаждык 2–6%га көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, ирригациялык системаларды модернизациялоо боюнча пландаштырылган чаралар да сугарылуучу жерлердин кеңейишинен улам келечектеги суроо-талапты толук канааттандыра албайт.

Дүйнөлүк банктын анализи көрсөткөндөй, климаттын мал чарбачылыгынын продуктивдүүлүгүнө тийгизген таасири анча чоң болбойт, анткени тармак буга чейин эле жайыттардын деградациясынан жабыркап келет.

“2020-жылы түштүк аймактардагы жайыттардын 42%ы начар абалда болгон. Топурактын деградациясы Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жер көчкү жана суу каптоо коркунучун да күчөтүп жатат”, – деген Голуб.

Экономист белгилегендей, дарыялардын агымынын мүнөзү өзгөрүшү күтүлүүдө. Муздардын эриши бир айга эртелегендиктен, жылдык агым 2050-жылдары 5–9%га көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, мөңгүлөрдүн көлөмү азайып бара жатат. Бул кошумча суу сактагычтарды курууну талап кылат.

Гидроэнергетика секторунда климаттык өзгөрүүлөр кургак шарттарда энергия өндүрүү потенциалын 1–3%га, ал эми нымдуу шарттарда 9–11%га чейин жогорулатышы мүмкүн.

“Бирок температуранын жогорулашы айрым сценарийлерде суу сактагычтардагы чөгүндүлөрдүн көлөмүн 10%га чейин көбөйтөт. Тең салмактуу жер пайдаланууну кошкондо адаптация чараларын киргизүү бул көрсөткүчтү эки эседен ашык кыскарта алат”, — деп кошумчалады Голуб.

Эксперттин айтымында, климаттын өзгөрүшү транспорт инфраструктурасына да таасир этет. Жер көчкү жана катуу жаан-чачындын көбөйүшү көпүрөлөрдүн 60%га чейинкисине коркунуч жаратат. Оңдоолорго кеткен эң көп чыгымдар түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында күтүлөт. Аныдктан адаптация үчүн климаттык тобокелдиктерди эске алган курулуш стандарттарына өтүү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Сууда 119 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Кара-Сууда 119 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Кара-Суу районунун Тойчу айылында 300 окуучуга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, имараттын жалпы наркы 119 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Башкы пландын негизинде мектепте 12 окуу классы, дарыгер бөлмөсү, жыйындар залы, китепкана, ашкана жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Мектеп

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспортту санариптештирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкектеги ийгиликтүү тажрыйбанын негизинде Нарын облусунда автобустарга GPS-трекерлер орнотулуп, “Менин шаарым” тиркемеси ишке киргизилет. Жаңы система аркылуу шаар тургундары коомдук транспорттун кыймылын онлайн режимде көзөмөлдөп, автобустардын кайсы жерде экенин, маршруттардын жүрүшүн жана келүү убактысын так

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип

Президент курулуш компанияларынын ишинде тартипти камсыздоону тапшырды

Президент курулуш компанияларынын ишинде тартипти камсыздоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-январда өлкөнүн ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда куруучулардын жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу, ошондой эле курулуш тармагындагы ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктар жана аны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы