ЕРӨБ Кыргызстанда 2026-жылы реалдуу ИДП 6% болорун божомолдоду

ЕРӨБ Кыргызстанда 2026-жылы реалдуу ИДП 6% болорун божомолдоду

Кыргызстанда ички суроо-талаптын жогору болушунан улам инфляциялык басым күчөп, натыйжада керектөө бааларынын өсүшү акыркы эки жылда эң жогорку деңгээлге чыкканы ЕРӨБдүн 2025–2026-жылдарда рынок экономикасына өтүү  отчетунда белгиленет.

Материалда айтылгандай, 2024-жылы төмөндөгөн инфляция 2025-жылдын башында кайра тездеп, июль айында 8,8%га жеткен. Бул үй чарбаларынын керектөөсүнүн өсүшү жана электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү менен түшүндүрүлөт.

Ушундай шартта Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын июль айында негизги ченди 25 базистик пунктка жогорулатып, 9,25%га чыгарган.

Буга улай ЕРӨБ айрым кирешелерди мобилизациялоо жана салык базасын кеңейтүү аркылуу бюджеттик позиция чыңдалганын белгилейт. Алсак:
— 2025-жылдын I жарым жылдыгында бюджеттик кирешелер ИДПнын 43,6%ын, чыгашалар 34,6%ын түзгөн;
— мунун натыйжасында 2025-жылдын июнунда бюджет профицити ИДПнын 8,5%ына жеткен (бир жыл мурун — 5,4%).

Ал эми алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашынан улам эл аралык резервдер 2025-жылдын июнунда 6,5 млрд долларга жеткен, бул көлөм импорттун болжол менен 4,7 айына барабар.

Ошондой эле, ЕРӨБ маалыматына ылайык, Кыргызстан 2025-жылдын май айында биринчи жолу евробонддор рыногуна чыгып, 700 млн долларлык евробондду 5 жылдык мөөнөттө  7,75%дык купон чени менен жайгаштырган.

ЕБРРдин божомолу боюнча, жакынкы келечекте экономиканын өсүшү сакталып калат:
— 2025-жылы реалдуу ИДП 9%,
— 2026-жылы 6% деңгээлде болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ауэзов көчөсү иретке келтирилет: мэриянын жаңы планы кандай?

Ауэзов көчөсү иретке келтирилет: мэриянын жаңы планы кандай?

Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүндө өткөн көчмө жыйында аймакты көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Борбор калаада мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Анкара көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки Ауэзов көчөсүндө көчмө жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө аймактын санитардык абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү

Англия банкы кзыматкерлерди кыскартып, жылыга 35 млн фунт үнөмдөөнү көздөп жатат

Англия банкы кзыматкерлерди кыскартып, жылыга 35 млн фунт үнөмдөөнү көздөп жатат

Англия банкы жакынкы айларда 446 кызматкерин кыскартууну пландап жатканын жана бул жалпы штаттын болжол менен 8%ын түзөрүн тууралуу Известия кабарлады. Бул чечим чыгымдарды азайтуу жана түзүмдү оптималдаштыруу максатында кабыл алынганы айтылат. Кыскартуулар негизинен ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Анын алкагында жогорку кызматтагы жетекчилер, бөлүм башчылар жана директорлор да иштен кетиши мүмкүн.

Өлкөдө автожолдорду калыбына келтирүү иштери уланууда

Өлкөдө автожолдорду калыбына келтирүү иштери уланууда

Өлкөдө автожолдордун абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында пландуу иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан республика боюнча автожолдорду оңдоо жана тейлөө иштери уланууда. №5 Жол тейлөө ишканасы Бишкек – Ош автожолунун Өзгөн районундагы 589–611-чакырымдар аралыгында аң-чөнөктөрдү

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуш объектилери аныкталды

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуш объектилери аныкталды

Нарын шаарында жүргүзүлгөн рейддик текшерүүнүн жыйынтыгында уруксат документтери жок курулуш объектилери аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкөдө курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана сапатын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда. Анын алкагында Нарын шаарында