Кыргызстанда кыймылсыз мүлк салыгын төлөө автоматташтырылат

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк салыгын төлөө автоматташтырылат

Салык кызматы кыймылсыз мүлккө салыкты автоматташтырылган түрдө эсептөөнү киргизип, жарандар менен компанияларды маалыматтарын алдын ала текшерүүгө чакырды.

Салык кызматы мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөөнү киргизип, жарандар менен юридикалык жактарды өз маалыматтарын алдын ала текшерүүгө чакырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр менен байланыштуу: эми салык объекттин жайгашкан жерине жараша эсептелет жана төлөнөт.

Салык кызматы системаны техникалык жактан жөндөөнү жүргүзүп жатат. Бул эсептөөнү жеңилдетүүгө, административдик жүктү азайтууга жана эсептөөлөрдүн тактыгына өбөлгө түзөт.

2026-жыл үчүн милдеттенмелерди туура түзүү максатында, Салык кызматы жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук документтериндеги маалыматтарды "Кадастр" мамлекеттик мекемесиндеги маалымат менен салыштырып чыгууну сунуштайт.

Текшерүү керек болгон маалыматтар:

  • Мүлк ээсинин салык төлөө идентификациялык номери (ИНН)
  • Жарандардын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы
  • Объекттердин аянты
  • Кыймылсыз мүлктүн багыты
  • Ээлик үлүшү
  • Каттоо даталары жана башка көрсөтүлгөн параметрлер

Ведомствонун айтымында, салыктын автоматтык түрдө так эсептелишин камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

2026-жылдын 24-мартында саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, суу берүүнү токтотуунун себеби  «Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук

Айт маарек болсун!

Айт маарек болсун!

Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары! Сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Орозо айы – Аллахтын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруунун учуру болсо, Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн болуп саналат. Ушундай ыйык күндө сиздерге - бакубат жашоо, кемибес

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%