"Бермет" дыйкан чарбасы: 30+20+10" долбоорунун ийгиликтүү мисалы

"Бермет" дыйкан чарбасы: 30+20+10" долбоорунун ийгиликтүү мисалы

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин "30+20+10" долбоорунун алкагында Аламүдүн районуна караштуу Достук айылында "Бермет" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти таанышты.

"Бермет" чарбасы "Акмаанай" бренди менен табигый айран жана быштак өндүрүп, тоют өстүрүүдөн тартып даяр продукция чыгарууга чейинки бардык өндүрүш этаптарын өз алдынча жүргүзөт. Мындай интеграцияланган иш "30+20+10" долбоорунун негизги концепциясын толук чагылдырат.

Чарба учурда сугат суунун жетишсиздигине байланышкан маселеге туш болуп, суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча көмөк сурады. Министрлик бул багытта тиешелүү чараларды көрүү үчүн абалды изилдеп жатат.

"Бермет" дыйкан чарбасы — системалуу башкаруунун үлгүсү. "30+20+10" долбоору мындай чарбаларды колдоого жана алардагы өндүрүштүк чынжырды чыңдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

2026-жылдын 24-мартында саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, суу берүүнү токтотуунун себеби  «Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук

Айт маарек болсун!

Айт маарек болсун!

Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары! Сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Орозо айы – Аллахтын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруунун учуру болсо, Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн болуп саналат. Ушундай ыйык күндө сиздерге - бакубат жашоо, кемибес

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%